Ирина Карамушкина: "Эмне үчүн буйрук чыкканына бир жыл болсо да Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырыла элек?"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын алгандарга берилчү "Ак Шумкар" белгиси бериле элек. Бул тууралуу депутат Ирина Кармушкина 13-сентябрдагы парламент жыйынында айтып чыкты.

Ал президенттин буйругуна 1 жыл болоюн десе да аткарылбай жатканына нааразы болду.

"Президенттин 1 жыл мурда чыккан буйругуна ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" белгиси тапшырылышы керек эле. Бир жыл өтсө да бул буйрук аткарыла элек. Буга ким жооптуу? Президенттин бул буйругун ким аткарбай жатат? Мунун аягы жакшы болбойт", - деди Карамушкина.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын өкүлү аталган маселеге ким жооп берерин билбей турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрда ант бергенден кийин президенттик кызматындагы биринчи жарлыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарган. Ага ылайык, экс-президентке эң жогорку "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылышы керек эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tnz
2018-09-13 15:11:18
Ушул карамушкинаны Атамбаевге кошуп бербейсинерби ошол жакта секретарша болуп алсын башты оорутпай, тапшырбай турганы ырас эле болгон экен анын ким экенин билгенден кийин ким тапшырат кантип тапшырат ао кайсыл бети менен алат ушундай маселелер деп тушундургулочу Карамушкина дегенге
+11
ady-88
2018-09-13 15:17:12
Карамушка не деп эле былжырайт эй. АША ал сыйлыкты озуно ОЗУ эле ыйгарып калган ошо
+10
nemo2016
2018-09-13 15:35:25
Ак шумкар орденин бербей, ХХХХХХХ
+8
baisogur
2018-09-13 15:49:51
Башка айта турган маселе калбадыбы Карамушкина депутат мандатына татуктуу соз суйлочу
+2
Natun
2018-09-13 15:53:47
Мега коррупционерликтен мульти миллионерликке кеткен жол деген наам берүү керек
+6
tynara81
2018-09-13 15:58:05
Элдин ушул нааразычылыгын Карамушкина менен АШАнын жан күйөөрлөрүнө жеткирип коюнун жолу барбы, супер инфо ?
+6
Dembele84
2018-09-13 16:36:20
Кыргызстанды коррупцияга батырган тарыхтагы эн начар президент-деген жыгачтан медаль тагып койгула!!!
+7
i1urp
2018-09-13 16:51:24
Атамбаевди жамандап бутпой койдунар го.
-10
Dalil
2018-09-14 08:34:56
i1urp, өзү айткандай акты ак караны кара деп айтыш керек. Ал президент учурунда ушунча көп коррупциялык иш болсо, анан ал ак бойдон калабы? Эгер ак болсо анда ошолорду жедирбей тыйып койбойт беле?
+2
Дарыгер
2018-09-13 17:59:04
Ашага соттун чакыруу кагазын тапшырыш керек
+6
Dembele84
2018-09-13 18:40:47
Кол тийбестигинен ажыратабыз деп депутаттар документ чогултуп жонотуп атышпады беле,дайыны жоголуп кетти ошол иштин.Эртерээк сотко чакырып куноосун мойнуна илип камагылачы ушуну,дагы бир нерсени баштай электе
+4
amirrus
2018-09-14 09:25:31
карамушкинанын мандатын алыш керек болуп калды,ар нерсени эле ХХХХХХХХХ
+2
titanik32
2018-09-14 09:34:18
ХХХХХХХ Президент болуп турган убакта Кыргызымды кыйнап какшатты го.Өзүнүн БАЛПэтмеси менен кошуна мамлекеттер чек араны жаап канчалаган эл зыян чегип кыйналды.Дача суу кырсыгына ким жооп берет,Түркиялык СМИ сайрап жатат го атамбайыптын жүк ташыган рейси кулаган деп.Жана да башка былык иштери,кечээ белгилүү болгон Тарых музейдин гранит таштарын өз үйүнө алып барып төшөтүп алга
+2
dymak
2018-09-14 11:36:24
Атамбаев Баатыр болот эгер ким ТЭЦти жегенин аныктап берсе,ошондо берели азыр эртерээк го, мисалы түрк туугандар кырк миллион долларга заңгыраган мечит куруп берди,а биздин эргулдар үч жүз сексен жети миллион доллар акчаны жеп жатышат,ошондо тогуз заңгыраган мечиттин акчасын жешиптир жаным эле ачышат эстеген сайын..
+1
dymak
2018-09-14 11:39:59
Карамушкина Раица Атамбаева менен чогуу болсо керек ошого күйпөлөктөп жатабы дейм.
0
admin_superstan
2018-09-14 11:50:41
Эскертүү! Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан