Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев жооп берди.
Оторбаев, акыйкатчылык кызматына татыктуулардын атын атай албастыгын айтты. Ошондой эле ал институт бир катар өзгөртүүлөргө муктаж экенин билдирди.
“Жогорку Кеңештеги фракциялар эми гана талапкерлерди тандоого киришти. Жалпы тизме чыкса, андан көрүп айтса болот эле. Азырынча жалпы тизме менен эч ким тааныш эмес да. Мен бул кызматты өткөрүп берген адам катары кайсы бир адамдын атын атаганым туура эмес болуп калат. Чындыгында татыктуу адамдар көп, алар өздөрү да арыз жазып тиешелүү документтерин тапшырып жатышса керек. Тандоо ишин бийлик бутагы болгон Жогорку Кеңеш ишке ашырып, татыктуу адамды тандашат.
Акыйкатчы институтуна карата сындар боюнча ар кандай себептер бар. Биринчиден, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү керек. Экинчиден, саясий жана материалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу керек. Анан айлык акысын көтөрүү зарыл. Мына ушул иштерди чечмейинче институт бийлик бутактарынын арасында алсыз бойдон кала берет. Жылдык доклад депутаттар тарабынан жактырылбай калса, Акыйкатчы кызматтан кетиши керек деген норманы алып салыш керек. Мындай нерсе дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок. Акыйкатчы жыл сайын Жогорку Кеңешке ишинин жыйынтыгын бербеши керек. Жөн гана адам укуктарынын абалы боюнча доклад жасайт”, - деди Оторбаев.
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.