Жогорку Кеңеш акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отставкасын кабыл алды. Аталган чечим бүгүн, 27-июнда парламент жыйынында кабыл алынды.

Талкуу учурунда депутат Каныбек Иманалиев акыйкатчыга акыркы сөз айтууга уруксат берилиши керектигин айтты. Төрага Дастан Жумабеков арызды Оторбаевсиз кароо суралганын билдирди.

Ал эми депутат Исхак Масалиев тармактык комитеттин жыйынында акыйкатчынын ишине начар баа берилгенин айтып, депутаттарды отставкасын колдоп берүүгө чакырды.

Эске салсак, Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ишмердигине акыркы учурда депутаттар тарабынан сындар айтыла баштаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан