Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири төмөнкүдөй болду.
Каптагаевдин белгилешинче, акыйкатчылык кызматка келе турган адам ошол тармакта тажрыйбалуу болушу керек.
“Акыйкатчы кызмат ордуна адам укуктары деп жаны күйүп, бул тармакта өзүн көрсөтүп калгандардан тандоо зарыл. Тымпыйып, улам бир бийликке жагып жүргөндөр жарабайт. Алардан адам укугун коргойт деп күтүүнүн да кереги жок. Азыр айтылып жаткан талапкерлерден Канатбек Азиз менен Рита Карасартова экөө ылайык деп ойлойм. Кимиси өтөт, аны депутаттар чечет да. Канатбек Азиз менен Рита Карасартова экөө тең өз позициясы бар. Кыйынчылыктардан сынбай тургандыктарын көрсөтө алышты. Алар акыркы жылдарда бийликтен тайсалдап отуруп калбай, адам укугу темасына байланыштуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет”, - деди Каптагаев.
Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакулов, журналист Элнура Алканованын пикири бул шилтемеде.