Журналист Элнура Алканова: “Мага белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгондо Канатбек Азиз укугумду коргоп берген. Ал акыйкатчылыкка татыктуу”

Акыйкатчы ким болот? Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет. Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаарын айткан. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болууга кайсы коомдук ишмер татыктуу деп ойлойсуз?" деген соболуна журналист Элнура Алканова жооп берди.

Алканова Канатбек Азизди акыйкатчылык кызматка татыктуу экендигин айтып, башынан өткөн окуясы менен бөлүштү.

“Мен акыйкатчылык кызматка Канатбек Азизди татыктуу деп эсептейм. Ал менин укугумду коргоп калган окуяны өзүмдүн интернет баракчама бөлүштүм эле. Окуя 2017-жылдын күз айында болгон. Жекшемби күнү болчу. Мен иликтөө материал жасап жүргөм. Бир убакта биздин унааны белгисиз адамдар 3 унаа менен ээрчип келе жатканын байкадык. Алар бизди туш тараптан курчап алышты. Анан мени коркутуп-үркүтүшүп, “эмне тартып жатасың? Иликтеп жаткан материалыңдын видеолорун, дронуңду берсең анан коё беребиз” деген талап коюшту. Биз 4 сааттай унаадан чыкпай, материалдарды да бербей отурганбыз. Милиция чакырсак алар жардам бере алышкан жок. Тескерисинче, алар бизди аңдып жүргөндөрдүн сөзүн сүйлөй башташты. Ошондо Канатбек Азиз келип бизге жардам берген. Ошол күндөн бери аны мыкты юрист катары таанып, акыйкатчы кызматына татыктуу деп эсептейм. Ал жаш болгонуна карабай өз ишин мыкты билген, мол тажрыйбага ээ адам. Бул биз үчүн чоң ишеним жаратат”, - деди Алканова.

Мурдагы акыйкатчылар Кубат Оторбаев, Турсунбек Акун, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Аманбол Бабакуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан