КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин чыгармай болду (видео)

Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына талапкер чыгаруу маселесин карады. Баяндаманы фракция лидери Иса Өмүркулов жасады. Алар Токон Мамытовдун талапкерлигин чыгармай болушту.

Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ошондон бери акыйкатчы шайланбай келет.

Аталган кызматка буга чейин "Ата Мекен" фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуштаган. Ал эми Акыйкатчы институту аталган кызматка Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев, укук коргоочу Рита Карасартова талапкер болуу үчүн документин тапшырган.

Токон Мамытовдун өмүр баяны:

Мамытов 1953-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган.

1972-1974-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн;

1974-1975-жылдары Ысык-Көл ПМКсында слесарь;

1979-1980-жылдары Пржевальск шаардык элдик билим берүү бөлүмүндө методист;

1981-1992-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча КГБ башкармалыгында ыкчам-тергөө иштери боюнча ага кызматкер, бөлүмдүн башчысы;

1992-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;

1992-1997-жылдары УКМКнын бөлүм башчысы;

1997-2002-жылдары Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;

2002-жылы Коргоо министринин орун басары;

2002-2005-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;

2005-2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;

2007-2008-жылдары Коргоо кеңешинин катчысы;

2008-2009-жылдары президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;

2009-жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2013-жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

2013-жылы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;

2013-2014-жылдары вице-премьер-министр;

2014- 2015-жылдары "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы;

2016-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп эмгектенип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан