Депутат Мухтарбек Айнакулов: "Фарид Ниязов көзүн кысып, мындай болот дегенде баары колдоп берчү эле"

Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Анда депутат Мухтарбек Айнакулов эл өкүлдөрүн бир чечимге келүүгө чакырды.

"Бир фракция болгондон кийин бир команда болушубуз керек. Мурда өзүңүздөр билгендей, Фарид (ред. президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов) келип, көзүн кысып, мындай болот дегенде баары колдоп берчү эле. Азыр ошондой болуп жаткан жокпу?" - деп сурады Айнакулов.

Фракция лидери Иса Өмүркулов "андай болгон жок. Мен да андай эмес деп ишенгим келет" деп жооп кайтарды.

Бул учурда депутаттар арасында "Кайсы Фарид?" деген сөздөр чыкты. Фракция лидери Иса Өмүркулов сөздү башкага буруп, жыйынды улантты.

Бул боюнча Фарид Ниязов SUPER.KG порталына бир аздан кийин жооп бере турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан