Түркиянын Стамбул шаарында жаңыдан салынып жаткан аэропорттун жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышып, 500гө жакыны полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, митингчилер жумуштун оор экенин айтып, эмгек акынын аздыгына жана коопсуздук эрежелери сакталбагандыгына нааразы экенин билдиришкен.
Полиция уруксаты жок аянтка митингге чыккандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу каражат колдонуп, суу менен аткылаган. Ошону менен бирге 500гө жакын митингчи кармалган. Азырынча кармалгандар тууралуу эч кандай маалымат таратыла элек. Митинг өтүп жатканына карабай курулуш иштери токтотулган жок.
"Стамбулда курулуп жаткан аба майданы дүйнөдөгү эң ири долбоорлордун бири болуп саналат. Учактар конуучу аянт 80 миллион чарчы метр болмокчу, бул аэропортту курууга 10,2 миллиард доллар инвестицияланган. Ал октябрь айынын соңунда ачылышы күтүлүүдө. Курулушка жалпысынан 200 миң жумушчу тартылган. Жумуш учурунда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан 1000ден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган", - деп жазышат басылмалар.