Эртең, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети өкмөттүк аппараттын башчылыгына Шамилбек Асымбековдун талапкерлигин карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт.
Буга чейин өкмөттүк аппаратты башкарып келген Мурат Мукамбетов 8-августта кызматтан бошотулган.
Асымбеков 1963-жылдын 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында туулган. Ал 1986-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун экономика жана айыл чарбасын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу
1986-1988-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун Киров совхозунун экономисти;
1988-жылы Кыргыз компартиясынын Сокулук райондук комитетинин башчысы;
1988-1991-жылдары Кыргыз компартиясынын Ысык-Көл райондук комитетинин инструктору;
1991-1992-жылдары Ысык-Көл районунун "Жаңы жашоо" колхозунда башкарманын орун басары;
1992-1993-жылдары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башкы инспектору;
1993-1998-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун "АШУ", "Эдиль" дыйкан чарбасынын төрагасы;
1999-2000-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты жумуштуулук менен камсыздоо департаментинин директорунун биринчи орун басары;
2000-2001-жылдары Эсептөө палатасынын башкы инспектору;
2001-2004-жылдары Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы;
2005-2007-жылдары "Шумкар" ААКсынын менеджери;
2007-2008-жылдары Жогорку Кеңеште кеңешчи;
2012-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинде кеңешчи;
2018-жылдын апрель айынан тарта өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келет.