Американын "Time" журналы 190 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, басылманы жеке ишкер, миллиардер Марк Бениофф менен жубайы Линна сатып алган. "Forbes" журналына таянсак, Бениоффтун байлыгы 6,7 миллиард долларга бааланат. Үй-бүлө журналга ээлик кылганы менен, андагы кызматкерлерди алмаштырбайт. Журналда мурда кимдер иштесе, мындан ары да ошол эле кызматкерлер иш алып барышат.
Айта кетсек, аталган журналды ушул жылдын январь айында "Meredith Corp" медиахолдинги сатып алган.
"Time" - жума сайын чыгып туруучу америкалык журнал. Анын нускасы 3,4 миллионго жетип, АКШдагы эң популярдуу журналдардын сап башында турат.