АКШнын Нью-Йорк шаарында жыйынтыкталган мода жумалыгында дизайнер Жоэл Альварес көпчүлүктү өзүнүн жаңы коллекциясы менен таң калтырды.
Тагыраагы, "Кара тасма" деп аталган коллекцияда модель кыздардын денесине изоленталарды ар кандай түрдө чаптап, бул купальниктердин жаңы топтому экенин билдирген. Көпчүлүк мода таануучулар дизайнердин жаңы коллекциясы суу жээгине эс алууга барып, бирок купальниктерин унутуп калган айымдар үчүн мыкты лайфхак экенин айтып өтүшкөн.
Лайфхак – күнүмдүк жашоого керек болгон, пайдалуу кеӊеш дегенди түшүндүргөн заманбап сөз. Англис тилинин "life" (жашоо) жана "hack" (ачуу, бузуу) деген сөздөрүнөн келип чыккан. "Жашоону ачуу" деген маанини берет.