Ысык-Көлдө өтүп жаткан XVIIl эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында кум үстүндө ойнолуучу самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Кытай менен Кыргыз өлкөсүнүн 26 спортчусу катышты. Мелдеш эркектер арасында 68, 82 жана 100 килограммга чейинки салмак ченинде өттү.
Мелдештин жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду Бишкек курама командасы алса, 2-орунда Чолпон-Ата командасы ээлеп, 3-орунда "Аэропорт-Манас" командасы жайгашты.
68 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Саламат Нургазы уулу (Чолпон-Ата);
2-орун: Талгат Бообеков (Чолпон-Ата);
3-орун: Максат Обонов (Чолпон-Ата);
3-орун: Нурлан Карагулов (Балыкчы).
82 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Павел Гончаров (Бишкек);
2-орун: Эрмек Болот уулу (Чолпон-Ата);
3-орун: Роман Соодалиев;
3-орун: Каныбек Аман уулу (Манас аэропорту).
100 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бакыт Абыкеев (Бишкек);
2-орун: Азамат Казакбаев (Чолпон-Ата);
3-орун: Мирзат Тусаканов (Аэропорт Манас);
3-орун: Байышбек Тажыгул уулу (Аэропорт Манас).