Британиялык сүйүшкөндөр 60 жылдан соң социалдык тармактын жардамы менен баш кошушту
Британиялык сүйүшкөндөр Эрик жана Элейндин байланышы мындан 60 жыл мурун үзүлгөн. Бирок Фейсбуктун жардамы менен экөө кайрадан табышып баш кошушкан. Бул тууралу британиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Эрик 7 жашында өзүнөн 2 жаш улуу эжесинин курбу кызын сүйүп калган. Мектепти аяктаган соң Эрик менен Элейндин байланышы үзүлгөн. Бирок социалдык тармактын жардамы менен мындан 60 жыл мурун сүйүшкөн түгөйлөр бири-бирин таап алышкан.
"Эгерде Фейсбук болбогондо биз бири-бирибизди таппайт болчубуз" деп билдирген Эрик.
Түгөйлөр бири-бирин тапканына аз гана убакыт өткөн соң алар кайсы бир мезгилде чогуу окуган мектебинде баш кошууну чечишкен.