Мас абалында унаа айдаган түрк дипломаты боюнча түрк элчилигине нота жиберилди

Мас абалында унаа айдаган түрк дипломаты боюнча Түркиянын элчилигине нота жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколдор департаментинин жетекчиси Рустам Кошонов жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн уюштурулган пресс-тур учурунда билдирди.

"Мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине нота жиберилди. Элчиликтин кызматкерин чакырып алуу - бул Түркия мамлекетинин ички маселеси. Бул сыяктуу бардык фактылар боюнча биздин министрлик тарабынан чара көрүлөт", - деп билдирди Рустам Кошонов.

Белгилей кетсек, 12-сентябрь күнү Түркия элчилигинин кызматкери Караж Эркан мас абалында унаа башкарып баратканы үчүн жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан