19-сентябрда Кытайда жаңы Xiaomi Mi 8 Youth смартфону колдонуучуларга тартууланат. Бул тууралуу Xiaomi`нин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Xiaomi Mi 8 Youth смартфону 6,26 дюм экранга, Snapdragon 710 процессоруна жана 4, 6 жана 8 оперативдүү эс тутумга ошондой эле 32, 64 жана 128 Гигабайт флэш-карталык эс тутумга ээ болот. Негизги 2 камерасы 12 жана 8 мегапикселдүү. Алдыңкы камерасы 24-мегапиксель. Жаңы смартфон кара, көк, кызыл, күлгүн, боз, жашыл, күмүш жана алтын түстөрдө чыгары айтылган. Кийинчерээк интернет басылмаларда Xiaomi Mi 8 Youth градиент түсүндө дагы чыгары жазылган.
Смартфондун баасы 300 долларды түзөт. Мындан сырткары ушул эле күнү Xiaomi Mi 8 Screen Fingerprint Edition смартфону коомчулукка тартууланат. Аталган смартфондун өзгөчөлүгү манжа издерин таануучу сканери экранда жайгашат.