2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Мадумаров ийкемдүү, жасалма адамдар кайсы бийлик келбесин аларга ыңгайлашып кете бере турганын айтты.
"Элибиздеги даанышман сөз актуалдуулугун жоготкон жок. Тек гана ар бир хан өзүнө окшогон вазирлерди топтойт. Алардын вазирлеринин баарынын омурткасы жок, ийкемдүү, жасалма. Кандай киши келсе ошолорго ыңгайлашып кете берет. Алардын принциби жок, өз башы менен эч нерсе жасай алышпайт. Өмүр бою буйрукту гана аткарып келишкен. Тилекке каршы, бүгүнкү коом ушундай адамдарды "жакшы, маданияттуу киши экен" деп сыйлашат. Бирок алардын сырткы сөлөкөтү эле киши болбосо, жөн эле жүргөн пенде.
Президенттик шайлоодо аябай карама-каршы штабдарда иштешип, бүгүнкү күндө кайра алар бир командада мамыр-жумур болуп иштеп жатышат. Бул деген кимге болсо иштей берген намыстын жоктугун билдирет. Падышаны падыша кылган анын жан-жөкөрлөрү. Жан-жөкөрлөр кыйын болсо, анда падыша да кыйын болот. Жан-жөкөрлөр эптеп-септеп жүргөн жан багарлар болсо, анда падыша да ошондой. Анткени начар падыша өзүнөн кыйын, өзүнөн акылдуу адамдарды каалабайт, коркот. Күчтүү падыша болсо күчтүү адамдарга таянат. Мындан миң жыл мурун Жусуп Баласагын бабабыз "Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба" деп жазган", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.