Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Пйоңйаңга учуп барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аэропорттон Түштүк Корея президентин Ким Чен Ын өзү тосуп алган.
"Аталган эки тараптуу саммит ушул жылы үчүнчү ирет өтүп жатат. Бул жолку жолугушууга эки өлкөнүн канайымдары да катышууда. Аэропорттогу салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасынан кийин Мун Жэ Ин Ким Чен Ын менен бир автунаада резиденцияга карай жол тартты. 10 миңдеген түндүк кореялыктар эки лидердин кортежине кол булгалап турушту. Алар Корей жарым аралындагы тынчтык, эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууну тездетүү, АКШ жана башка маселелерди талкуулайт", - деп айтылат маалыматта.
Аталган иш-чара 18-20-сентябрь аралыгында болуп өтөт.
Эки өлкөнүн лидерлери алгач 2018-жылдын 27-апрелинде жолугушуу өткөргөн. Кийин 26-майда 2-саммитке чогулушкан.