"Макмал" кенинде алтындын кору түгөнүп, иш токтоду

“Макмал” алтын комбинатынын алтын ылгоо фабрикасы өз ишин токтотту. "Кыргызалтын" ишканасынын басма сөз катчысы Толкун Камчыбекованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, “Макмалдагы” алтындын кору толук түгөндү.

Анын айтымында, мындан ары иштетүү экономикалык жактан пайдасыз жана чыгашалуу болуп эсептелет.

"Кен казып алуунун көрсөткүчтөрү боюнча “Макмал” алтын комбинаты чыгашалуу болгондуктан 2013-жылы эле жабылыш керек болчу. Бирок жалпы Тогуз-Торо району үчүн социалдык жактан олуттуу мааниге ээ болгондуктан “Макмал” алтын комбинатынын келтирген чыгашалары “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башка филиалдарынын эсебинен толтурулуп келген. 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып өндүрүш токтоду, 924 иш орундун ичинен 593 орун кыскартылды. Кыскартылган жумушчуларга тийиштүү компенсация толук өлчөмдө төлөнүп берилет", - деди Камчыбекова.

Басма сөз катчы 2018-жылдын аягында “Кыргызалтын” ишканасы “Макмал” алтын комбинатындагы кен чыккан жерди изилдөө, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү үчүн сынак өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhaku2017
2018-09-18 14:37:23
Кыскасы жумушу жок калгандар Россияга кетишет экен да.
0
duishonbek03
2018-09-18 14:48:45
Макмалдын алтынын уурдап жеп эле жыргадыңар го.комбинатка айлык акы алыш үчүн эмес движения кылыш үчүн эле иштешчү..анан мамлекетке пайдасы тийеби..
+1
TalaCSKA
2018-09-18 14:50:18
Кумтор дагы туболук эмес !!! Озубузго алып пайдасын корсок болот эле го, кайдагы жок канадецтер жана бир аз атка минерлер эле жыргалын коруп келе жатышат.
+1
zevs
2018-09-18 16:50:42
Oo kuttuktaym. Jakwy wyltoo taapsynar emi kitaylarga satkyla uzurun owolor korsun. Siler dolyany alyp uydo jata bergile karapayim el talaalap ketsin jaman kursaktyn ayinan.
+1
Jasa
2018-09-18 17:58:03
Тугонот да анан,
0
titanik32
2018-09-18 18:50:57
Биздин жегичтер сайдын ташын да түгөтүшөт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан