Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 2 балбан килем үстүндө күч сынашууда.
72 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Илим Билимов катышып, 1/16 финалда словакиялык Гергели Буерсоели менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Билимов атаандашынын кыймылсыздыгы үчүн алып, бирок партерде упай жарата алган жок. 2-бөлүктө Билимов атаандашын чийинден сырткары чыгарып, беттештин соңунда 2:0 эсеби менен жеңүүчү аталды. Муну менен Илим Билимов жарым чейрек финалга чыкты.
Айта кетсек, 82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Ильгиз Билимов катышса, 77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов көңүл жубатуучу раундда күч сынашат.