Илон Маск Айдын орбитасынан айлана турган алгачкы туристтин атын атады

"SpaceX" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Айдын орбитасынан айлана турган алгачкы туристтин атын атады. Бул тууралуу Илон Маск өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Илон Маск 2017-жылы "Big Falcon Rocket" ракетасын космоско чыгарып, ал ракета Айдын орбитасынан айланат деп жарыялаган. Алгачкы космостук туристтер 2018-жылы учары пландалган, бирок белгисиз себептер менен Айга учуу 2019-жылга жылдырылган. Аталган ракета ичине 100 адамды батырып, алгачкы турист япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава болду.

Маалымат үчүн: Юсаку Маэдзава - модельер, Zozotown онлайн-дүкөнүнүн негиздөөчүсү. "Forbes" басылмасынын изилдөөсү боюнча Маэдзаванын мүлкү 3 миллиард долларга барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан