Бүгүн Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчөт

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, эски электр зымдары алмаштырылып, айрым көмөк чордондорунда оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

Электр жарыгы өчүрүлчү көчөлөр:

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин - Серегин менен Великолукская көчөсүндө, 7-12-кичи районундагы №2-6, 12, 13 үйлөрдө, Бакай-Ата конушундагы Ак-Сай, Нооруз, Кошой, Анар, Арашан, Ак-Балта көчөлөрүндө жана Көк-Жар конушундагы Тоң жана Куйручук көчөлөрүндө;

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин - Достук кичи районундагы №6 үйдө;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин - Кожомкулов, Мусулманкулов көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин - "Бишкекшаарсууканал" ишканасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында;

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин - Абдымомунов менен Киев көчөлөрүндө;

Саат 13:00дөн 18:00гө чейин - Москва жана Некрасов көчөлөрүндө;

Саат 15:00дөн 17:00гө чейин - Жаш Гвардия бульварында жана Бөкөнбаев көчөсүндө.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан