"Италия сулуусу" сынагында 18 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз финалга чыкты

"Италия сулуусу" сынагында 18 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз финалга чыккан 3 сулуунун арасына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, сулуу 13 жашында велосипед тээп бара жатканда күтүүсүздөн алдынан унаа чыгып тебелеп кеткен. Жыйынтыгында ал бир бутунан ажыраган. Учурда бутуна протез тагып жүргөн Борди бийик такалуу бут кийимдерди да кийип жүрөт.
Анын айтымында, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, эч качан жашоого нааразычылыгын билдирбейт.
"Мен сулуулар сынагына катышып, финалга чыкканда социалдык тармактардын колдонуучулары абдан кейиштүү сөздөрдү жазышты. Тагыраагы, калыстар менин бутум жок болгондугу үчүн гана финалга өткөрүп коюшканын айтып, мындан ары бул сыяктуу сынактарга катышпай эле коюуга үндөштү. Бирок мен жеңишке жетүү үчүн сынакка катышып жаткан жокмун да. Болгону мага окшогон мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга стимул берип, алар кадимки адамдардан эч кандай айырмасы жок экендигин билдиргим келген. Менин бутум жок болсо, силерде мээ жок экен", - деген ал.
Кьяра Бординин билдирүүсүнөн соң аны италиялык белгилүү саясатчылар жана ырчы-чоорчулар кубаттап, жылуу сөздөрү менен дем-күч беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizira
2018-09-19 09:30:36
Чындыгында мээ жок экен ошол адамдарда
+6
Mirkgz-1990
2018-09-19 10:09:15
Аябай жылдыздуу Кыз экен ....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан