Ким Чен Ын: "Корей жарым аралында жаңы доор башталды". Эки Кореянын лидерлери бир нече келишимдерге кол койду

"Пйоңйаң декларациясы Корей жарым аралында жаңы доорду баштады". Мындай билдирүүнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу саммиттин биринчи күнүндөгү жолугушууда эле бир нече аскердик келишимдерге кол коюлган.

"Түндүк Корея менен Түштүк Корея жарым аралдагы аскердик чыңалууну азайтуу максатында аскер комитетин биргеликте түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Йонбён өзөктүк реакторундагы жумуштарды бүтүндөй токтотууга макулдашты. Ошондой эле чек арага жакын аймактардагы аскердик аракеттерди азайтуу, жарыша куралданууну токтотуу боюнча сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мун Жэ Индин айтымында, Түндүк Корея лидери ушул жылдын аягына чейин Түштүк Кореяга иш сапар менен барат. Маалыматка ылайык, учурда саммиттин экинчи күнү башталып, жолугушуулар уланууда. Аталган иш-чара 18-20-сентябрь аралыгында Түндүк Кореяда өтөт.

Эки өлкөнүн лидерлери алгач 2018-жылдын 27-апрелинде жолугушуу өткөргөн. Кийин 26-майда 2-саммитке чогулушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZhanMM
2018-09-19 14:11:31
Ким Чен Ын эми өзүнө келе баштаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан