Мультфильмдердин негизинде тасма жана сериалдарды тартып келген Netflix компаниясы бул ирет "Аватар. Аанг жөнүндө уламыш" мультфильмин чыныгы актёрлордун коштоосунда сериал кылып тартат. Мындай маалымат аталган компаниянын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды. Тилекке каршы, компания сериал качан чыга турганы жана анда кимдер роль жаратары тууралуу кененирээк маалымат жазган эмес.
Айта кетсек, буга чейин режиссёр М.Найт Шьямалан аталган мультфильмдин негизинде тасма тарткан. Бирок фильм көпчүлүктүн купулуна толбой, көптөгөн терс сын-пикирге кабылган.
"Аватар. Аанг жөнүндө уламыш" мультфильминде улуттар атайын стихия (суу, от, жер, аба) боюнча бөлүнөт. Анда бардык стихия менен бирдей башкара алган адам аватар деп аталат. Аанг аттуу бала бул күчкө ээ болот, бирок ал өзүнүн күчүн көзөмөлдөөнү үйрөнүшү керек.