Түштүк Африка Республикасынын бийлиги жарандарына коомдук жайлардан башка жерде баңгизатын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн Конституциялык сотунун мындай чечимине марихуана колдонгон 3 адамдын кайрылуусу себеп болгон. Алар сотко марихуана колдонууга тыюу салуу алардын жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын билдирген.
Соттор бир добуштан колдоп берген мыйзам жарандарга марихуананы жеке пайдалануу үчүн өстүрүүгө да уруксат берет. Эми өлкө парламенти өлкөнүн жашоочулары үй шартында канча грамм баңгизатын сактай аларын мыйзамда так көрсөтүп беришет.
Аталган маселени чечүүдө өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү баңгизатты ден соолукка зыян деп эсептеп, аны мыйзамдаштырууга каршы экенин айтып келишкен. Ал эми өлкө башчысы Жереми ЭкшнЮ да сот коомдук жайларда да маңзатты колдонууга уруксат бериши керек деген оюн билдирген.