КҮНСЕРЕП: "Белизгейт" чуусу депутаттардын бата берүүсү менен эле басылып калабы?

Бүгүн, 19-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өткөн аптада кайрадан көтөрүлгөн “Белизгейт” чуусу бүгүн Жогорку Кеңештин чоң жыйынында каралды. Бирок талкуунун аягына келгенде бул маселени көтөрүп чыгуунун максаты, чечими, жыйынтыгы кумга сиңип кеткендей эле болуп калды.

Жыйындын башында УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов сүйлөп, ал 2018-жылдын май айында Башкы прокуратура тарабынан түшкөн каттын негизинде УКМКда кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн айтты. Иликтөө “Мегаком” компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык декларациянын мыйзамдуулугун аныктоого байланыштуу болгон. Анда төмөндөгүдөй суроолор коюлганы айтылды: Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын (Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов – ред.) “Мегакомдун” акцияларын “Southfield Management” компаниясы аркылуу сатуу жөнүндө түзүлгөн трасттык декларацияга тиешеси бар деген документтер Белизден расмий түрдө УКМКнын дарегине түшкөнбү, эгерде келип түшсө, качан жана кандай номер менен катталган, азыр ал документтер кайда? Идрис Кадыркуловдун айтымында, иликтөөдө 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Мегакомго” тиешелүү акциялар боюнча документтер Белизден УКМКга расмий түрдө келип түшпөгөнү жана бул документтер УКМКда катталбагандыгы аныкталган. “УКМКнын кызматкерлери Белизге барып, документтерди алып келген деген маалыматтар да негизсиз болгону аныкталды. Ал кызматкерлер Белизге барышкан эмес”, - деди Кадыркулов.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев кийинки сөздү алып, 2016-жылдын ноябрь айында “Белизгейт” чуусу боюнча материалдар Башкы прокуратурага келип түшкөнүн билдирди. “Ошол материалдардын Белизден келип түшкөнүнүн аныктыгы тууралуу, трасттык декларацияда көрсөтүлгөн депутаттардын мамлекеттик органдарга таасир кылды деген маселелери каралып чыккан. Ушул жылдын июнь айында жогорудагы материалдардын жыйынтыгы боюнча кылмыш курамы жок болгондугу үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тарттык”, - деди башкы прокурордун орун басары. Ошол эле учурда Дүйшөмбиев бул чечимдин токтомун Башкы прокуратура кечээ күнү эле жокко чыгарып, азыр кошумча тергөө жүрүп жатканын билдирди. “Материалдар боюнча айтарым, ага убагында УКМК “өтө жашыруун” деген гриф берген. Эгерде бул гриф алынса, башынан аягына чейин жооп берүүгө даярмын”, - деди Дүйшөмбиев.

Кезек депутаттардын суроолоруна келип, үч жагдайды тактоо кыйынга турду. Биринчиден, УКМК Белизден келген документтер болгон эмес деп, Башкы прокуратура документтердин негизинде маселе каралып чыккан деп, “Белизгейт” эки бакандай болгон мамлекеттик органдын ортосунда топко айланды. Экинчиден, жыйындын жүрүшүндө документтерге издөө салынып, түп нускасы жок болуп чыкты. Иликтөөлөр көчүрмөнүн негизинде жүргүзүлгөндүгү айтылды. Үчүнчү жагдай, материалдардын “өтө жашыруун” деген макамы бар экендиги болду. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, материалга “өтө жашыруун” деген грифти УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев койгон. Идрис Кадыркулов УКМКнын башчылыгына келгенге чейин эле материалдар гриф менен кеткенин билдирип, бирок сөз болгон макамды ким бергенин айткан жок.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз “демек, документтер бурмаланган экен да, анда Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо керек” деп чыкты. Буга карата КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков УКМКнын башчысы болуп турган кезде Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңешке келип, Белизден келген документтер боюнча шек бар деп айтканын баса белгиледи. Идрис Кадыркулов да Сегизбаевдин жазган түшүнүк катын айтып берип, анда УКМКнын мурдагы башчысы “мен эч кимди күнөөлөгөн эмесмин” деп жазганын айтты. Ал эми КСДП фракциясынан дагы бир депутат Мурадыл Мадеминов “Сегизбаев эң чоң ката кетирди” деди. Бул жерде айта кетчү жагдай – Мадеминов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында калган КСДПнын саналуу депутаттарынын катарына кирет.

“Белизгейт” чуусу жыйынтыгында эмнеге жетти? Кагазга оробой түз айтканда, азырынча эч нерсеге. Бул чууга аралашкан Өмүрбек Текебаев түрмөдө, Аида Салянова депутаттык мандатынан ажыратылган, ал эми үчүнчүсү Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште фракция лидери болгонуна карабай, ушундай жыйынтыкка моюн сунган көрүнөт. “Бүгүнкү токтомдо документтерден “өтө жашыруун” деген макамды алып салуу тапшырмасын берели, бул тууралуу билдирүүнү бир ай ичинде жөнөтүшсүн”, - деди Шыкмаматов. Буга жыйынды башкарып отурган вице-спикер Асел Кодуранова “Маселени кароо алдында УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угабыз, суроо эле беребиз дегенсиңер. Токтом кабыл алуу үчүн бул маселе адегенде комитетте каралышы керек болчу” деп кесе жооп берди. Албетте, мындай маселелердин кандай процедурада каралышын Шыкмаматов билбей турганына ишенүү оор.

“Мындай окуя тарыхта кайталанбасын деп баарыбыз бата берип, чекитти коёлу” деди Алмамбет мырза. Эгерде “Белизгейт” чуусу сыяктуу окуя кийин кайталанса деле, андан жапа чеккендер да, 120 депутаты бар Жогорку Кеңеш да кошулуп, бата берүү менен тим болобу? Анда мындай окуялар кайрадан кайталанбайт деген кепилдик болобу?..

Бүгүн Жогорку Кеңеш айтылуу судья Жаңыл Мамбеталыны Жогорку Соттун судьясы кызматына жактырды. Анын талапкерлигине 85 депутат "макул", 15 депутат "каршы" деп добуш берди. 31 жыл юридикалык, анын 21 жылы соттук тажрыйбага ээ Жаңыл Мамбеталы чуулуу иштер, чоң саясатчылар боюнча соттук чечимдерди чыгарганы менен белгилүү. Айрыкча, анын жылдызы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жанган. Жаңыл Мамбеталы экс-депутат Садыр Жапаровду, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду, "Мегакомдон" миллиондогон акчалардын уурдалышы боюнча айыпталган Раушан Рыкунованы, "мыйзамдагы ууру" Илья Самсонияны соттогон. Бүгүнкү парламентте депутаттар жогорудагы саясатчыларга тиешелүү иштер боюнча чечимдерди чыгарууда президенттен буйрук түшкөн же түшпөгөнүнө өзгөчө кызыгышты. Албетте, Жаңыл Мамбеталы "жок, буйрук түшкөн эмес" деп жооп берди. Буйрукту аткарганын моюнга алса соттук карьерасына чекит коюлуп, мурунку бийликке оор айып тагылмак. Бирок мамлекеттик машинанын өкүлдөрү өзүнүн бетин өзү ачпасы анык.

Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин кароодо парламентте анын уулуна 2013-жылы "опузалап акча талап кылуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, бирок белгисиз себептерден улам иш кыскартылганы эскертилди. "Токтотулган" иштер ал адамга карата бийликтин кайырмагы болуп столдо жата берери белгилүү. Ушундай иштерди кайра козготуу коркутуусу менен бул судья бийликтин буйрук аткаргычына айланып калбайбы? Ушул маселени депутат Исхак Масалиев эскертти. Жаңыл Мамбеталы жаңы кызматта дагы башка бир топ чуулуу иштерди карай турганы анык. Мисалы, учурда тергөө абагында отурган саясатчылар Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Жантөрө Сатыбалдиевдин иштери боюнча соттук отурумдар октябрь-ноябрь айларында башталары күтүлүүдө. Бир инстанциядан экинчи инстанцияга өтүп, иштер Жаңыл Мамбеталынын кароосуна келиши толук мүмкүн. Эгер соттук процесстер ачык-айкын өтүп, жогорудагы саясатчыларга тагылган айыптар боюнча талашсыз далилдер көрсөтүлсө, анда сотторго эч кандай нааразычылыктар жаралбайт. Кыргыз өлкөсүндө адилетсиз соттук чечимдер 2005 жана 2010-жылдары эки президентти өлкөдөн кууп чыгууга негизги себептердин бири болгон. Бүгүнкү күндө да коомдо сотко нааразычылык, кандайдыр бир терс пикир калыптанып калган. Учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сотторго саясий буйрук болбой турганын айткан. Ошол эле учурда ал соттордун ишине эмне болгондо киришерин билдирген. "Соттор оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатышса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем. Сотторго мыйзам чегинде чара көрөбүз. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем", - деген Жээнбеков. Ошентип Садыр Жапаровду соттогон судьяны кызматтан жогорулатуу менен 85 эл өкүлү экс-депутатка карата өкүмдү туура деп кабыл алышарын көрсөтүштү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан