Ош шаарында кутурган ит тиштеп алган 19 жаштагы жигит каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ош шаары боюнча оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев билдирди.
"Июль айынын башында 19 жаштагы Баткен облусунун тургунунун колун кутурган ит тиштеп алган экен. Ит тиштегенден кийин дароо дарыгерлерге кайрылып, өз учурунда кутурмага каршы эмдөөдөн өтүү керек. Бирок каза болгон бала эч жакка кайрылган эмес. Абалы оорлошуп кеткенде гана ооруканага жеткирилген. Ал жигит 13-сентябрь күнү "Тез жардам" кызматы менен оор абалда кечинде келип түшкөн. Колдон келишинче медициналык жардам көрсөтүлгөн, 14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү саат 2:00 чамасында ал каза болуп калды", - деп билдирди дарыгердин орун басары.
Ал белгилегендей, бейтап ооруканага келгенде дарыгерлер аны кутурган ит тиштегенин аныкташкан. Бирок көп убакыт өтүп кеткендиктен маркумду тиштеген ит белгисиз болуп жатат.
Белгилүү болгондой, маркум Ош шаарындагы Медициналык колледждин стоматология факультетинин 3-курсунун студенти болчу.