Мектепке кеткен бойдон кайтып келе элек. Бишкекте 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарынын 14 жаштагы тургуну Аида Мамаева дайынсыз болуп изделүүдө. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал 17-сентябрь күнү мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ошол учурдан тартып анын кайда жүргөнү белгисиз болууда.Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы узун, кара түстө.
Үйдөн чыгып баратканда ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү юбка, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн. Колунда күрөң түстөгү сумка бар.
Сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо (0553) 10 25 66, (0772) 05 20 00, (0556) 85 58 12, (0702) 22 85 05 телефон номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.