Бүгүн, 20-сентябрда UFC'нин учурдагы эң атактуу мушкерлеринин бири орусиялык Хабиб Нурмагомедов 30 жашка толду. Ал 1988-жылы 20-сентябрда Орусиянын Дагестан автономиялык республикасынын Цуиадинск районунда жарык дүйнөгө келген.
Хабиб Нурмагомедов - UFC`нин (Эрежесиз уруш боюнча чемпионат) жеңил салмактагы мушкери. Аралаш согуш өнөрүн өздөштүргөн мушкер UFC алдында беттештерге чыгып, учурда дүйнөлүк мыкты балбандардын арасында 8-орунда келе жатат.
Хабиб Нурмагомедов эрежесиз уруш боюнча мелдештерде 26 беттеш өткөргөн. Ошондой эле уруш түрүндөгү самбо боюнча дүйнөнүн 2 жолку, грепплингдин NAGA Grappling версиясы боюнча дүйнөнүн 1 жолку, панкратион боюнча Европанын 1 жолку чемпиону болгон. Уруш (рукопашный бой) боюнча Орусиянын чемпиондугунун финалчысы, Орусиянын Кубогунун жана Евразиянын чемпиону.
Карьерасы
Хабиб Нурмагомедов кичинекей кезинен тарта атасы Абдулманап Нурмагомедов менен машыгып баштаган. Америкага барганда Хавьер Мендестин жетекчилиги алдында АКАнын (Америкалык кикбокс академиясы) залында машыгуу өткөрүп турат. Теги боюнча - кавказдык авар.
UFC үчүн беттештери
2012-жылы 21-январда Хабиб UFC`нин алдында алгачкы жолу беттешке чыгып, атаандашы Камал Шалорусту 3-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Мындан улам америкалык күйөрмандар Нурмагомедовдун жогорку деңгээлдеги даярдыгын дароо байкашкан.
Ошол эле жылы 7-июлда 2-беттешин дүйнөнүн мыкты 15 мушкеринин катарын толуктаган бразилиялык Глейсон Тибау менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен утуп алган.
2013-жылы 19-январда дагы бир бразилиялык жеңил салмактагы мушкер Тиагу Таваристи нокдаунга чыгарып жеңип алган. Ушундан кийин Хабиб UFC`нин жарым жылдык тизмесинде келечектүү мушкерлердин катарын толуктап, 4-орунга илинген. UFC 160 Лас-Вегаста 26-майда өткөрүлүп, анда Хабиб Нурмагомедов Абель Трухилього кез келип, 3 раундда тең атаандашынан үстөм келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздаган.
Аталган жеңишинен кийин мушкер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу UFC`нин президенти Дэйна Уайттан легендарлуу мушкер Би Жей Пенн менен беттештирүүсүн өтүнгөн. Бирок легендарлуу мушкер беттешүүдөн баш тартып, UFC анын ордуна мыкты ондукка кирген Пэт Хилини сунуштаган. Алардын беттеши Канаданын Торонто шаарында уюштурулуп, Хабиб 3 раундда тең Мэтт Хьюздун стили менен айырмалана алган.
UFC 169да Хабиб Нурмагомедовдун америкалык "Strikeforce" компаниясынын мурдагы чемпиону Гилберт Мелендес менен өтүүчү беттеши болбой калган.
2014-жылы 19-апрелде Хабиб UFC`нин тизмесинде 5-орунда келе жаткан бразилиялык Рафаэл дус Анжус менен АКШнын Орландо шаарында кез келген. 3 раундда тең атаандашынан үстөм келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен.
Тони Фергюсон менен кез келер алдында 2014-жылы 5-июлда мушкер тизесинен жаракат алып 1 жылга чейин, 2015-жылы кабыргасын сындырып алып дагы бир нече убакыт бою беттешке чыга албай калган.
2016-жылы 16-апрелде Тони Фергюсон менен беттеш пландалып, бирок Фергюсондун жаракат алуусуна байланыштуу, анын ордуна Нурмагомедов Даррелл Хорчерге кез келет. 2 жылдык тыныгуудан кийин атаандашын 2-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Хабиб Нурмагомедов UFC 205те жеңил салмак боюнча чемпион Эдди Альварес жана UFC 206да Дэйн Уайт менен октагонго чыгарын социалдык тармактарга жазып чыккан. Бирок 26-сентябрда Альварес өзүнүн чемпиондук титулун ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен беттешип коргой тургандыгы жарыялангандан кийин орусиялык мушкер нааразычылыгын социалдык тармактарга жазып чыккан.
2016-жылы 12-ноябрда UFC 205 АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп, анда Хабиб америкалык мушкер Майкл Жонсонду кимура ыкмасы менен жеңип алган. Октагондо Хабиб Майклдан үстөм келип, 3-раундда атаандашы жеңилгендигин моюнга алып жерди кагууга алы жетпей калгандыктан калыс оюнду токтоткон. Аталган беттештин алдында Хабиб Конор Макгрегор менен чатакташа кетип, кийинки беттеште жолугушууга бири-бирине сөз беришкен. Айта кетсек, буга чейин эки мушкер жакшы мамиледе болуп келген.
Хабиб менен Фергюсондун беттеши 3-жолу пландалып, анда Хабиб оор абалда ооруканага түшүп, беттеш өтпөй калган.
2017-жылы 30-декабрда UFC 219да Хабиб Нурмагомедов бразилиялык мушкер Эдсон Барбоздун үстүнөн таза жеңишке жеткен. Азыр 30 жаштагы спортчунун эсебинде 26 беттеште 26 жеңиш бар.
Орусиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына 103 жаштагы кыргыз күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Ал аталган сүрөттү жүктөгөн соң "бул менин эң улуу күйөрманым, ал Кыргыз өлкөсүнөн. Ушул жылдын март айында 103 жашка толот экен. Алла ага жана үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт тартууласын", - деген билдирүү калтырган.
Ошондой эле карыя UFC уюмунун беттештерин 1993-жылдан тарта көрүп келсе, ал эми Хабибдин беттештерин 2012-жылдан тартып калтырбай көрүп жүргөнүн кошумчалаган.
Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов ушул жылдын 23-январда Бишкекке келип, Кыргыз өлкөсүндөгү күйөрмандары менен жолуккан.
Жеңил салмак боюнча чемпион
2018-жылы апрель айында Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун ортосунда жеңил салмактык категория боюнча UFC`нин чемпиону титулу үчүн беттеш белгиленген. Бирок мушкерлердин 4-жолу пландалган беттеши да болбой калган. Буга октагонго чыгууга 6 күн калганда Фергюсон тизесинен жаракат алгандыгы себеп болгон. Мындан кийин анын ордуна Макс Холлоуэй чыгары айтылган, бирок анын күтүүсүз салмак жоготуусунан улам дарыгерлер беттештен баш тартуусун сунуштаган.
Ошентип Нурмагомедовго каршы чемпиондук кур үчүн салмагы оор болгонуна карабастан Эл Яквинта тандалып, орусиялык мушкер калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетип, жеңил салмактык категория боюнча UFC`нин чемпиону титулун утуп алган.
2018-жылы 10-августта АКШнын президенти Дональд Трамп Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовго өз колу менен Американын визасын тапшырган. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы баракчасына бир нече сүрөттөрдү илүү менен аталган маалыматты фотошоп дегендердин пикирин четке каккан.
Белгилүү болгондой, визанын мөөнөтү Хабибдин Конор Макгрегор менен чемпиондук кур үчүн беттешинен кийинки күнү, тагыраагы, 7-октябрда бүтөт.
2018-жылы 6-октябрда көптөн бери пландалып, бирок өтпөй келген Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алары күтүлүүдө.
Жеке жашоосу
Үй-бүлөлүү, 2015-жылы июнь айында кыздуу болсо, 2017-жылы декабрда уулдуу болгон.
2016-жылы орусиялык ишкер Зиявудин Магомедов менен биргеликте өзүнүн "Eagles MMA" аттуу командасын негиздеген.
20-сентябрга карата жылнаама.