Индияда шариат мыйзамы менен талак берип ажырашкан эркектер эркинен ажыратылат

Индия өкмөтү ислам дининдеги шариат мыйзамы боюнча ажырашууга тыюу салган долбоорду жактырды. Бул мыйзам долбооруна ылайык, эркек кишинин өзү каалаган маалда жубайына талак берүүсү, башкача айтканда, ажырашуусу аялдардын Конституциялык укугун бузат.

Чет элдик маалымат каражаттарынын жазып чыкканына ылайык, Индияда жашаган 172 миллион мусулмандардын негизги бөлүгү суннитер. Алар шариатта жазылган мыйзамдарга баш ийишет. Ага ылайык, эркек киши "талак" деген сөздү 3 жолу айтып аялы менен ажыраша алат.

Индиянын юстиция министри Рави Шанкар Прасаддын билдиргенине ылайык, мусулмандар жашаган 22 өлкө мындай жол менен ажырашууга тыюу салган. Аталган мыйзам толугу менен күчүнө кирген соң аны бузган жарандар 3 жылга эркинен ажыратылат.

Ал эми оппозициялык партия аталган мыйзам өтө катаал экендигин билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kairat1996
2018-09-20 10:37:02
Бизге шарият, талак деген тушунукту жок кылыш керек. Азыр молдолор орто кылымдын тушунугун мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат. Андай молдолорду соттош керек.
-4
newman
2018-09-20 11:10:04
Kairat1996, тууганым ой-пикириңизге рахмат. Бирок ислам динин талаптары менен жашаганга аракет кылган адам үчүн шарият, нике, талак түшүнүктөрү маанилүү. Исламда талак-уруксат берилген иштердин кудай эң жаман көргөнү деп эсептелет. Ошого сиз ачууланбаңыз. Молдолор сиздей мендей эле адамдар. Катачылык кылат. Бирок исламий түшүнүктөрдү өзүңүздүн тар чойронуздо жок кыла бериңиз. Ислам менен жашаганга аракет кылгандарга ачууланбаңыз
+3
mirlanpiter
2018-09-20 10:37:45
Талак деген сөз Кудайга да жакпайт ,бул сөздү шайтан касапати айттырган экен адамга,,, ажырашпай ынтымактуу жашаган Кудайга жагат
+11
Mamiev
2018-09-20 10:59:48
mirlanpiter, сен үйлөнгөн болсоң нике кыйдырдын беле же болбосо уйлонсон нике кыдырасынбы? Ошол нике менен жашооң адал болот. Талак сөзүн айтсаң бул ажырашуунун белгиси ал сөздү айтуудан абайлаш керек. ХХХХХХХХ
-1
States
2018-09-20 11:37:31
Динчил тушуно ишенет эмгекчил кучуно ишенет . Менин байкем молдо жалан даваатка чыгат акыл айтат элдерге а женем болсо кирпич куюп уй салып атат уй булоону багат . Билим менен эмгек гана адамды алдыга умтулууга жол ачат
+6
Gena1
2018-09-20 11:56:44
States, тууганым. Беш кол тен эмес. Молдо эмес дагы жалкоолор бар. Молдо дагы пенде ката кетирет. Молдо эместер канча ката кетирет ал корунбойт копчулукко. Дуйнону калыс коз караш менен кароо керек.
-3
Jasa
2018-09-20 14:55:08
States,ошондой молдо бизде да бар
0
Kairat1996
2018-09-20 12:17:20
Көбүнесе динчилдер башкаларды да биздей ойлонсо, биз сыяктуу жүрсө-турса, биздей жашаса, биз окуган диний адабияттарды окуса, биздей сыйынса деп ойлоно беришет.
+2
PROS
2018-09-20 12:27:34
Аялы башка бирөө менен жатканын кармап алса, байкуштар вынужден камалышат экен да(((( аялы көзүнө чөп салганы бир тең камалганы бир тең болуп((((((
+1
Kairat1996
2018-09-20 13:07:55
PROS,
Куйосу башка бироо менен жатканын коруп калсачы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан