Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин спикерин шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында жалгыз талапкер Жаныбек Абировго кеңештин спикери болуп шайланды. Анын талапкерлигине 40 депутат "макул" деп добуш берди. 1 депутат добуш берүүдөн баш тартты. Жалпы 45 депутаттан төртөөсү шайлоого катышкан жок.
Айта кетсек, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 27-августта БШК тарабынан анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган эле.
Абиров Жаныбек Болотбекович 1988-жылдын 22-декабрында туулган. Эки жогорку билими бар: Кыргыз-Орус Славян университетин юриспруденция кесиби боюнча жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кесиби боюнча бүтүргөн. КСДПнын тизмеси боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.