Юстиция министри болуп Марат Жаманкулов дайындалды (өмүр баяны)

Юстиция министри болуп Марат Жаманкулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеңеш юстиция министрлик кызматына Марат Жаманкуловдун талапкерлигин жактырган.

Буга чейинки юстиция министри Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан бошотулган.

Марат Жаманкулов 1979-жылы 4-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2001-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн. 2014-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде адам ресурстарын башкаруу" адистиги боюнча президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

2001-2002-жылдары Юстиция министрлигинин мыйзамдарды даярдоо жана укуктук-ченемдик актылар долбоорлорунун экспертизасы боюнча башкармалыктын эмгек келишими боюнча адиси;

2002-2005-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн орун басары, бөлүм башчысы;

2005-2009-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча башкармалыктын башчысы;

2009-2010-жылдары Жаза аткаруунун мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтыктын башкы башкармалыгынын башчысы;

2010-жылы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматынын эксперти;

2010-2012-жылдары президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2012-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2014-2015-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2015-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2016-2017-жылдары Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси;

2017-жылдан тарта Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан