Казакстанда оппозиционер телеграм тиркемесиндеги талкууга катышканы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды

Казакстанда оппозиционер телеграм чаттагы талкууга катышканы үчүн соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда Актау шаардык соту тарабынан Абловас Жумаевге өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын телеграм тиркемесиндеги талкуусуна катышкандыгы үчүн айып тагылган. Оппозициянын мүчөсүнө "социалдык кастыкты козутуу" жана "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренелери менен айып коюлуп, күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган.

Абловас Жумаев коюлган айыптарды четке кагып, тергөө учурунда кысым көрсөтүлгөнүн билдирген. Мунун негизинде сот ички иштер департаментинин тергөөчүсүнө карата да айып тагуу чечимин чыгарган.Соттолуучунун адвокаты Максим Жумаев жана жубайы Айгүл Акберди соттун чечимине каршылыгын билдирип, жогорку инстанцияларга даттанарын айтышкан.

Актау шаарынын тургуну Абловас Жумаев 11-майда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына тиешеси бар деп анын жубайы Айгүл Акберди менен шаардын дагы бир тургуну Женис Бисенгазиев да шектелүүдө. Аларга карата да ички иштер департаменти тарабынан кылмыш иши козголгон.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы чет өлкөдө жашап жаткан оппозиционер саясатчы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген. Кыймыл бийлик тарабынан "экстремисттик" деп табылып, Казакстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан