"Энергохолдингдин" төрагасы быйыл өлкөдө электр энергия маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айтты

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров быйыл өлкөдө электр энергия маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Абдыкадыровдон быйыл электр энергия маал-маалы менен өчүрүлөбү деп сурады. "Элди алдабай жарык өчөбү же өчпөйбү ачык айтышыбыз керек. Элди алдаганда эмне? Быйыл жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болобу же жокпу?" - деп сурады депутат.

Абдыкадыров маал-маалы менен электр энергия өчүрүлбөй турганын айтты.

Учурда КСДПнын жыйынында күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу маселе каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-21 13:46:52
Баткенде кыш келгенде свет өчөт чалсаң плановый ремонт деп жооп берет. Ошол ремонт иштерин жазда жүргүзсө болбойбу, эмнеге шаар өчпөйт ал жакта ремонт болбойбу? Жок ал жакта чоңдор жашайт өчүрө албайт, жогору жактан областка лимит берет экен ашып кетпесин лимиттен деп айылды өчүрүп турат экен кезде плановый ремонт деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан