Жаңы iPhone XS жана XS Max смартфондору үчүн ак металлдан жасалган каптамалар жарык көрөт. Баасы аталган телефондордон да кымбат

Аксессуарларды чыгарган сингапурлук Gray компаниясы iPhone XS жана XS Max уюлдук телефондору үчүн аэрокосмостук ак металлдан өзгөчө каптамаларды чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, каптамалар 4 түстө жарык көрөт. Аны сатып алганда, каптама телефонго капталбай турган учурда салып коюу үчүн атайын кейс кошо берилет. Кызыгы, каптаманын баасы жогоруда аталган смартфондордун баасынан да кымбат турат. Тактап айтканда, iPhone XS жана XS Max телефондорунун баасы 129 миң сомго чейин жетсе, каптамалардын баасы 185 миң сомду чапчыйт.

Эске салсак, "Apple" компаниясы жакында эле 2 SIM-карталуу уюлдук телефондорун презентациялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2018-09-21 16:37:52
Эшегинен чому кымбат болот го.
+2
kechirmeni
2018-09-21 16:45:13
ушу айфон жаман копту да каалаган бааны коюп озунчо понт болуп
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-09-21 17:15:24
Акчасы копторго бул сумма эчнересе эмес болуш керек
0
baktybek90
2018-09-22 15:28:05
Мен алам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан