Ырчы Рианнаны Барбадос өлкөсүнүн өкмөтү атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кылып бекитти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Рианна эми бул кызматта билим берүү, туризм жана инвестиция тармагын жетектейт. Белгилей кетүүчү жагдай, ырчы аталган өлкөдө 16 жыл жашап кийин АКШга кеткен.
"Рианна өзүнүн өлкөсүн абдан сүйөт. Бул анын өлкөгө, өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына жасаган кайрымдуулук иштеринен байкалат. Чыгармачылыкта гана эмес, бизнесте да ийгилик жараткан адам. Ал биздин өлкөнү башка элге таанытууда өтө чоң салым кошту. Мындан улам ага өлкөнүн бул тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү берилди", - деген Барбадостун премьер-министри Миа Амор Моттли.
Ал эми ырчы өзү мамлекеттик кызматка дайындалганына сыймыктанып жатканын билдирген.
"Мен премьер-министр Моттли жана анын командасы менен иштешчү күн келерин чыдамсыздык менен күтөм. Алар менен биргеликте Барбадосту өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө - сыймык", - деген ал.
Робин Рианна Фенти 1988-жылдын 20-февралында Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Ырчынын өмүр-баянын бул шилтемеден окуңуз.