Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектин четиндеги Байтик айылына караштуу Басбөлтөк тоосун казууга каршы курултай өтүп жатат. Жарандык активист Айбек Мырзанын SUPER.KG'ге кабарлашынча ага жергиликтүү тургундар менен айылдык кеңештин депутаттары катышып жатат. Курултайдын катышуучулары аталган тоо жоголуп кетүү коркунучу бар экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн топуракты казууга уруксат бербөөгө чакырышууда.
Айбек Мырзанын белгилешинче, буга чейин 7 фирма тарабынан Басбөлтөк тоосунун топурагы казылып келсе, дагы 30дан ашык фирмага уруксат берилип кеткен.
"Байтик баатырдын Басбөлтөк тоосун казууга каршы чыгып, бүгүн 500дөн ашык эл Байтик баатырдын күмбөзүнүн жанына чогулуп курултай өткөрүп жатабыз. Биринчиден, бул жердин чаңы Бишкекти каптап жатса, экинчиден, тарыхый жактан ыйык жер. Учурда дагы 30дан ашык фирмага тоону казууга уруксат берилип кетиптир. Арасында кытайлык ишкерлердин да фирмалары бар", - деди жарандык активист.