Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова кыргыз чиновник аялдын мас болгондугуна байланыштуу Сеул-Алматы каттамындагы учак кармалып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бизди, Сеул-Алматы каттамындагы бардык жүргүнчүлөрдү чыгарышты. Бир жарым саат бою биздин министрликтердин биринде иштеген мас аялды алып чыга албай убара болушту. Жазбайын дедим эле, бирок аябай жиним келди. Бүгүн такыр эле учпай калышыбыз да мүмкүн экенин айтышты. Эмне деген шумдук, уят", - деп жазды депутат.
Аталган жагдай боюнча Сеул-Алматы каттамын жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясы менен байланышканыбызда, компания өкүлдөрү каттам жүргүнчүлөрдүн айынан эки саатка кечигип учканын тастыкташты.
"Учак эки саатка кечигип учту. Буга жүргүнчүлөр себеп болду. Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30да Алматыга конот", - деп билдиришти компаниядан.