Британиялык бизнесмен Жошуа Барнфазер аллергиядан улам 30 жылдан бери күнгө чыга элек. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, анын денесиндеги тактар күндүн нурларынан аллергия болот. Барнфазердин бул илдети - тубаса.
Ал азыр 30 жашта, күндөн коргонуунун көптөгөн аракетин жасаганына карабастан оорусу күч алып, рак илдетине алып келген. Азыркы тапта ал теринин рагы менен күрөшүп жатат. Дарылануу үчүн 100 миң доллар топтоп жатканы жазылат маалыматта.
"Менин жасаган бардык аракеттериме карабай рак оорусуна кабылдым. Болгондо да рактын бир канча түрү менен алышып, баарын ийгиликтүү дарылануу менен жеңдим. Эми теринин рагы пайда болду, мен иммундук терапия да жүргүзүшүм керек", - деген ал.
Жошуа жасалма интеллект жана робот техникалары багытындагы компанияны жетектейт. Учурда дарыгерлер ага пембролизумаб - адамдын клеткасы рак клеткалары менен күрөшө ала турган дары каражатын даярдап жатат.