ЭЛДИК КАБАР: "Аксы району менен Ала-Бука, Чаткалды байланыштырган көпүрө курулуп бүтпөй жатат" дейт окурман

"Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы району менен Ала-Бука, Чаткалды байланыштырган көпүрө оңдоло элек. Жакында Аксынын 90 жылдык мааракеси өтөт. Буга карата уюштурулган оюн-зоок Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайык жайлоосунда болот. Бирок ага барчу көпүрөнүн абалы ушул бойдон жатат", - деп жазды окурман.

Анын айтымында, өкмөттөн бул көпүрө жаз келип, суу киргенге чейин оңдолот деп билдиришкен.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2018-09-24 09:27:23
Бул көпөрөнүн ушундай акыбалда турганына бир жарым жыл болду. Мүну оңдой турган оюунда да жок болсо керек.
0
ALATOOLUK.JIGIT
2018-09-24 09:52:19
Ото кооптуу абалда,эгер машина тушуп кетчу болсо онбойт
-3
satiev87
2018-09-24 20:05:27
ГАИлер ошол копуронун алдына барып алып машина тосот башка жер куруп калгансып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан