Мындан 5 жыл мурун, 2013-жылдын 24-сентябрында Пакистандын аймагындагы Белужистан облусунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:29да күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын кесепетинен эң көп жабыр тарткан аймак Араван шаарындагы Лабах кыштагы болгону айтылган. Ал жердеги үйлөрдүн 30 пайызы кыйрап калган. Ошондой эле жер титирөө болгон аймакка жакын деңиздин ортосунда 30 метрдей кургактык пайда болгону кабарланган. Жер титирөөнүн кесепетинен 825 адам каза болуп, 700дөн ашуун адам жабыр тарткан.
24-сентябрга карата жылнаама.