"Мамлекеттик карыздын ИДПга карата коюлган пайыздык чектөөсүнө чейин узак мөөнөттүү карыздарды алсак болот". Мындай пикирин каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.
Анын маалыматына караганда, керектүү багыттарда карыз алууну уланта бериш керек.
"Карызга алынган акчаны ирригация, таза суу, жол тармактарына жумшашыбыз керек. Мамлекеттик карызы ИДПнын жогорку чегине жеткен мамлекеттер көп. Мисалы, АКШнын карызы ИДПнын 106,7 пайызына, Сингапур менен Гренада өлкөсүнүкү 110 пайызына жетти. Германияныкы болсо 80 пайызга барабар", - деди Касымалиев.
Депутат Сайдулла Нышанов биздин өлкөнүн экономикалык абалын АКШныкы менен салыштырбоого чакырды.
“Биздин бюджет АКШнын бир университетинин бюджетине барабар. Бул өзгөртүү менен экономикалык коркунуч пайда болушу мүмкүн. АКШнын мисалын өчүрүңүз. Уят болот антсеңиз”, - деди Нышанов.
Учурда тармактык комитет мамлекеттик карыздын ИДПга карата пайыздык чегин 70 пайызга жогорулатууну талкуулоодо.