Арменияда жөө жүрүүчүлөрдүн өтүп кетүүсүн күтүп турган кортеждин сүрөтү кызуу талкууга алынды

Интернетте жөө жүрүүчүлөрдүн өтүп кетүүсүн күтүп турган кортеждин сүрөтү кызуу талкууга алынды. Аталган сүрөт 22-сентябрь Армениянын Эгемендүүлүк күнүндө Ереван шаарында маалымат каражаттарынын биринин сүрөтчүсү тарабынан тартып алынган.

Сүрөттөн Еревандагы Франция аянтында бийлик өкүлүнүн кортежи жөө жүрүүчүлөрдүн өтүп кетүүсүн күтүп турганын көрүүгө болот. Такталбаган маалыматтарга таянсак, аталган кортеж Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга таандык.

Интернет колдонуучулардын жазганына ылайык, өлкөдө болуп өткөн революциядан кийин бийлик өкүлдөрүнүн карапайым элге болгон мамилеси өзгөргөн. Толкундоолордон аз гана убакыт өткөнүнө карабастан, жаңы бийлик алгылыктуу иштерди жасап, ачык иштеп өлкөнү өнүгүү жолуна койгон.

Эске салсак, Пашинян премьер-министрлик кызматка 2018-жылдын 8-майында келген. Бул убакыт ичинде ал бир топ саясатчыларга кылмыш ишин козготуп, коррупцияга каршы катуу күрөш баштаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Umakg
2018-09-24 14:24:32
Бизде тепсеп кетет отуп...
+12
BegimaiBegimai
2018-09-24 14:29:52
Umakg,тепсеп отуш нары турсун жолдорду бут жаап салып жолдун жеегине окуучуларды тизип коёт бир клуна шар бир колуна гул карматып
+15
Merelisha
2018-09-24 14:25:47
Мынча сонун:)
+6
Alia82
2018-09-24 14:38:11
Бизге да насип кыла кор Кудайым ушундай эл уулун
+13
tular
2018-09-24 15:06:56
Сокеге коргозуш керек экен.
+7
tuigan.
2018-09-25 14:24:19
tular,Соке керек болсо эконом класса самолёт менен учуп журот го кортежи бул жакта калсын!
0
erkeleim
2018-09-24 15:19:08
Мына ушуну эл учун иштеген окмот десе болот. Биздикилер жегенди,сеулга барып ,,мечху,ичкенди, туугандарым,,гений,,деп он жак сол жагынан ,кресло, бергенди гана билет!!!
+3
Samar90
2018-09-24 16:08:57
Билдикилер жэгенди гана билет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан