"Тарых музейин оңдоодо каржылык мыйзам бузулуптурбу?" деп депутат Сайдулла Нышанов Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдон сурады.
Марипов бул боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилгенин айтты.
“Тарых музейин оңдоодогу фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Эсептөө палатасы да тийиштүү органдар менен иш алып барууда. Биз коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын суроолоруна жооп бердик. Аталган маселе боюнча бир нече каржылык мыйзам бузууларды аныктадык. Тергөө кызыкчылыгы үчүн так цифраларды айта албайм. Маалыматтарды УКМКдан алсаңыздар болот”, - деди Марипов.
Учурда парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы талкууланып жатат.