Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Фарух Булеркулов алгачкы атаандашын утуп алды

Бүгүн, 24-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-мелдеш күнү өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Фарух Булеркулов күч сынашууда.

Фарух Булеркулов 90 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүүдө. Ал алгачкы беттешин 1/16 финалдын алкагында өткөрүп, Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Михаил Марчитан менен кездешти. Беттештин аягына 7 секунд калганда Фарух Булеркулов ийгиликтүү ыкма колдонуп, атаандашын иппон менен утуп алды.

Муну менен Фарух Булеркулов мелдештин жарым чейрек финалына өтүп, эми орусиялык Хусен Калмурзаев менен беттешет.

Айта кетсек, аталган мелдеш 20-сентябрда старт алып, 4 салмак ченинде жеңүүчүлөр аныкталган. Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев, Баяман Сагынбай уулу, Артур Те, Бектур Рысмамбетов, Ишен Аманов жана Владимир Золоев беттештерин өткөрүп, тилекке каршы, байгелүү орундарга илинбей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан