Молдованын президенти убактылуу кызматынан четтетилди

Молдованын президенти убактылуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Игорь Додонду убактылуу кызматтан четтетүү чечимин Молдованын Конституциялык соту чыгарган. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, премьер-министр тарабынан мамлекеттик кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди бекитүүдө президент бир жолу гана баш тарта алат. Ошол эле талапкерлер кайрадан сунушталса президент баш тартууга укугу жок. Талапкерлер экинчи жолу артка кайтарылган учурда президенттин ыйгарым укуктары парламенттин төрагасына өтөт. Бул мыйзамдын негизинде Молдова Демократиялык партиясынын депутаттарынын сунушу менен Молдова президенти убактылуу кызматынан четтетилди. Анткени өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрин, социалдык коргоо министрин жана айыл чарба министрин бекитүү боюнча премьер-министрдин сунушунан эки жолу баш тарткан.

Буга чейин да Додонду кызматынан убактылуу четтетүү фактылары бир нече жолу катталган. 2017-жылы коргоо министрлигине сунушталган талапкерди бекитүүдөн баш тарткандыгы үчүн кызматынан четтетилсе, ушул жылдын январь айында президент коргоо министрин тандоодон баш тарткандыгы үчүн убактылуу ыйгарым укуктары токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynchy
2018-09-24 17:39:20
талапкер жакпаса баш тартат да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан