Футбол боюнча Хорватия улуттук курама командасынын жана "Реал Мадрид" футболдук клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдын мыкты футболчусу аталды.
"FIFA Best 2018" сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземи 24-сентябрда Улуу Британиянын Лондон шаарында орун алды.
Мыкты оюнчу наамы үчүн 10 футболчу ат салышып келген, алардын арасынан Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мохаммед Салах финалдык үчтүккө чыккан. Мыкты оюнчуну улуттук курамдардын машыктыруучулары жана капитандары тандашкан. Натыйжада Лука Модрич добуштардын 29,05 пайызын алса, Криштиану Роналду 19,08 пайыз жана Мохаммед Салах 11,23 пайызды алган.
Муну менен Лука Модрич алгачкы жолу аталган сыйлыкка ээ болду. Акыркы 10 жылда бул наамды Лионель Месси (5 жолу) менен Криштиану Роналду (5 жолу) алып жүргөн.
Андан тышкары, "FIFA Best 2018" сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземинде "жылдын мыкты голу" жана "жылдын мыкты машыктыруучусу" наамынын ээлери аталды. Анда "жылдын мыкты голу" наамын Мохаммед Салах алса, "жылдын мыкты машыктыруучу" наамын Франция курама командасынын машыктыруучусу Дидье Дешам алды.