Белгилүү нидерландылык сүрөтчү Альберт Дрос - көптөгөн эл аралык кароо-сынактардын жеңүүчүсү. Өзүнүн эң сүйүктүү кесиби менен алектенген Дрос бир катар чет өлкөлөргө чыгып ошол жердин сулуулугун, өзгөчөлүгүн сүрөттөрү аркылуу көрүүчүлөргө жеткирген. Сүрөтчүнүн эмгектери белгилүү сайттарга, гезит, журнал беттерине жарыяланып турат.
Жаратылыштын кооздугун эмгектери аркылуу жеткире билген Дрос кесиптештеринин кеңеши менен Кыргыз өлкөсүнө да келип кеткен. Өлкөгө келерден мурда интернет барактарынан өлкөдөгү өзгөчө жерлер тууралуу маалымат топтогон. Ар кандай маалымат каражаттарына жарыяланган сүрөттөрдү көрүп Кыргыз өлкөсү чыныгы кооз өлкө экенин, анын айрым аймактарына киши буту баса элек экендигин билген.
Бирок сүрөтчүнүн айтымында, ал Кыргыз жеринин жаратылышы мынчалык кооз, түрдүү, кызыктуу жерлерге бай экенин ойлогон эмес. Өзүнүн 3 жумалык саякатында ал ажайып кооз сүрөттөрдү тартканга жана кыргыз элинин маданияты менен таанышканга үлгүргөн.