Парламенттик комитет Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө үчүн бюджеттен каржы бөлүүгө макул болгон жок

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 2-окууда карады. Анда негизги маселе катары Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө үчүн мамлекеттик бюджеттен каржы бөлүү маселеси сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси экс-депутат Аида Салянова болгон, ошондуктан баяндаманы Бахадыр Сулайманов жасады. Ал бул долбоор дайынсыз жоголгон жоокерлерди табууга көмөктөшмөкчү деген пикирин айтты.

Депутат Исхак Пирматов аталган мыйзам долбоорду колдобой тургандыгын айтты. “Жалпысынан 56 миң адам дайынсыз жоголгон экен. Аларды табуу үчүн 16 миллиард сомдон ашык акча талап кылынат. Жеке өзүмдө ушундай ой пайда болду. Өкмөт бул мыйзам долбоордун үстүнөн иш алып барбай бизге жүктөп салды. Азыр каржы маселесине байланыштуу бул мыйзам колдоо таппайт”, - деди Пирматов.

Депутат Чыныбай Турсунбеков комитет жыйынында депутаттарды мыйзам долбоорлорду кабыл алууда алардын аткарылышына көңүл бурууга чакырды. “Аткарылбаган мыйзамдарды кабыл алып, бирок анын жыйынтыгы жок болсо, бизге эле сөз тиет. Ошон үчүн аткарыла турган мыйзамдарды кабыл алсак өзүбүздүн да, Жогорку Кеңештин да кадыр-баркы үчүн жакшы болмок”, - деди Турсунбеков.

Депутат Руслан Казакбаев мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, андан коркпошу керектигин билдирди. "Учурда биздин жарандар согушка катышып дайынсыз жоголгон туугандарын издөө үчүн өкмөттөн бир тыйын албастан өз акчалары менен барып туугандарын таап келип жатышат. Болгону бул мыйзамдагы айрым жерлерди кароо керек”, - деди Казакбаев.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун 2-окууда жактырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан