Казакстанда алгачкы жолу педофилге химиялык кастрация жасалды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү алгачкы кастрация Түркестан аймагынан кармалган педофилге Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө сайылган. Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев химиялык жол менен бычуу үчүн керектелген 2 миң инъекцияга 20 миң доллар акча каражатын бөлгөн.
Химиялык кастрация - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылуучу инъекция. Ал өз күчүн жоготпошу үчүн 1 жылда 2 жолу сайылат.
Айта кетсек, химиялык кастрацияны колдонууну Улуу Британиянын парламенти дагы демилгелеген. Бирок аталган өлкөдө кылмышкер химиялык кастрация кылып эркиндикте жүрүүнү же инъекция албай соттолуп кетүүнүн тандай алат.
Нурсултан Назарбаев өлкөдө педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасын (кастрация) колдонуу боюнча мыйзамга 2016-жылы кол койгон.